Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Берлиндеги ооруканадан дарыланып чыкты

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Германиядагы клиникадан дарыланып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Берлиндеги "Шарите" клиникасы билдирген.

"Бейтаптын абалы жакшырды, ошол себептүү ал ооруканадан чыгарылды, бирок уунун узак мөөнөттүү ыктымал кесепеттерин айтуу азырынча эрте ", - деп билдирген аталган оорукананын дарыгерлери.

Оппозиционер клиникада 32 күн (анын 24 күнүн жандандыруу бөлүмүндө) жаткан .

Немис бийлигинин айтымында, Германия, Франция жана Швецияда жасалган анализдер Навальныйдын "Новичок" деген нервди шал кылчу зат менен ууландырылганын аныктаган.

Эске салсак, Кремлдин башкы сынчысы Навальный 20-августта Томск-Москва каттамында учакта эсин жоготкон. Учак Омскка чукул конуп, жергиликтүү ооруканага жеткирилген, кийин Германиядагы "Шарите" клиникасына которулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан