Александр Лукашенко шашылыш түрдө ант берди

Бүгүн, 23-сентябрда Беларусь президенти Александр Лукашенконун кезектеги беш жылдык кызматтык мөөнөткө киришүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, инаугурация жашыруун даярдалып, анын датасы тууралуу алдын-ала айтылган эмес.

"Лукашенко президенттик анттын текстин беларусь тилинде айтты. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Лидия Ермошина ага Беларусь өлкөсүнүн президенттик күбөлүгүн тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

66 жаштагы Лукашенко Беларусту 26 жылдан бери башкарып келет.

Эске салсак, буга чейин 9-августта өткөн шайлоодо Беларусь өлкөсүнүн учурдагы президенти Александр Лукашенко шайлоонун жыйынтыгы боюнча 80,23 пайыз добушка ээ болуп, алдыга озуп чыккан. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Crokus
2020-09-23 17:36:21
Туура озунун олкосун коргогон чыныгы патриот президент.Тихоновская келсе экинчи Украина кылып салат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан