Назаркул Ишекеев: "Тилдин алдында бала бакчадагы баладан баштап министрликке чейин, баарыбыздын жоопкерчилигибиз бар"

Бүгүн, 23-сентябрда кыргыз тили мамлекеттик деген макамын алганына 31 жыл толду. Мамлекеттик дегенибиз тил бардык жагынан, мыйзам, улуттук программа, эл аралык аренада бекитилген статус менен корголот деген сөз. SUPER.KG порталы тил күнүн утурлай мамлекеттик тилдин жетишкендиктери жана чечиле элек көйгөйлөрү жөнүндө Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев менен баарлашты.

- Саламатсызбы, Назаркул агай? Бүгүн мамлекеттик тил күнүнүн 31 жылдыгы белгиленип жатат. Бул багытта кандай иш-чаралар жүрүүдө?

Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынышы азат, күнкорсуз, Кыргыз мамлекетинин түзүмүнүн пайдубалы болуп берген. Анткени бул мыйзам совет доорунда кабыл алынган. Демек, аны элдин үмүт-тилегинин алгачкы чабалекейи десек болот.

- Бүгүн мамлекеттик тилге жана санариптештирүүгө багытталган Эл аралык илимий практикалык конференция болуп өттү. Ага Венгриядан, Түркиядан, Кытайдан, Казакстандан окумуштуулар катышты. Конференциянын максаты - Мамлекеттик тилди мындан ары өркүндөтүүнүн мазмунун, маңызын, формаларын табуу болду. Мындан тышкары мамлекеттик тил комиссиясынын жаңы долбоору тууралуу айта кетели. Бул долбоор жасалма интеллект деп аталат. Жасалма интеллект - бул санариптештирүү доорундагы цивилизациянын жаңы этабы. Мына ошого мамлекеттик тил дагы учкашып турат. Долбоор кыргыз тилин үйрөнөм дегендерге абдан жеңил болот. Мындан тышкары жасалма интеллект долбоору мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн абдан пайдалуу. Кыскасы мунун келечеги кең. Албетте, долбоорду ишке ашыруу үчүн бизге кубаттуу компьютерлер керек. Бул багытта иш алып барып жатабыз.

- Тилге байланыштуу көп айтылып келе жаткан маселелердин бири - көрнөк-жарнактар, аларды тил боюнча мыйзам чыкканда гана араң кыргызча жазууга милдеттендирдик, эми туура, катасыз жаздыруу боюнча аксап келе жатабыз? Бул көйгөйдү канткенде жоёбуз?

- Көрнөк-жарнак жөнүндө мыйзамга оңдоолор жана толуктоолор кирди. Ал Жогорку Кеңештен өтүп жарык көрдү. Ошондуктан бүгүнкү күндө көрнөк-жарнактардын тагдырын мыйзам боюнча айыл өкмөтү, райондук акимчиликтер жана шаар мэрлери чечет. Мыйзам аларга толук мүмкүнчүлүктү түзүп берди. Алсак, алар көрнөк-жарнактарга байланыштуу айып пулдарды сала алат. Жарнактарды жайгаштырууга уруксат берип же тескерисинче тыюу сала алат. Мындан тышкары монополияга каршы агенттик, курулуш боюнча мекемелердин дагы бул мыйзамга түздөн-түз тиешеси бар болгудай кылып өзгөртүлдү. Эми бул мыйзамдын так аткарылышын гана күтөбүз. Себеби биз мыйзамды аткаруу жагынан аксап, мыйзамды аткаруу маданиятыбыз төмөн болуп жатат.

Мамлекеттик тилдин көйгөйлөрү дайыма тоскоолдукка учурап келет. Себеби Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам, Кыргыз Республикасындагы башка мыйзамдар менен бардык учурда эле шайкеш келе бербейт экен. Ошондуктан чукул арада жаңы улуттук программа бекитилет.

- Ал бардык деңгээлдеги макулдашуулардын өттү. Ага ылайык, мамлекеттик тил мыйзамын башка мыйзамдарга шайкеш келтирген иш-чаралардын бүтүндөй топтому киргизилет.

Күчтүү мамлекет болуу үчүн жарандарыбыздын ар бири өзүнүн улуттук иденттүүлүгүн сактап, өнүктүрүп, тынымсыз байытып, анын үстүндө өмүрү өткөнчө издениши керек. Тилдин алдында бала бакчадагы баладан баштап министрликке чейин, баарыбыздын жоопкерчилигибиз бар.

- Кагаз жүзүндө иш жүрүп, мыйзамдар жазылып жатат, иш-кагаздар мамлекеттик тилде жүрүүдө. Бул тилдин кагаздагы жашоосу. А бирок оозеки чөйрөдө, айрыкча жаштар арасында кыргыз тилинде сүйлөө боюнча көйгөй дагы деле жоюлбай келе жатат.

- Эки чоң маданият бар. Бул адам баласынын жазуу маданияты жана оозеки маданияты. Кыргыз элинин оозеки маданияты аябай бай болгон. Бирок бүгүнкү күндө биз артка чегиндик. Мунун сыры эмнеде? Билим берүүнүн, таалим-тарбиянын үй-бүлөдөн баштап билим берүү түзүмдөрүнө чейин бөксөрүп кетишинде. Адамдын сүйлөгөн сөзү, жазган кагазы, анын бейнеси, портрети. Ошол портретинин жакшы тартылышы үчүн адам өзү издениши керек. Азыр жаштарыбыз сүйлөө маданиятынан ажырап калды. Эмне үчүн? Алардын көргөн, бакканы чөнтөк телефон, интернет. Баарлашуу мейкиндигинен ажырап калганбыз. Бул биздин чоң жоготуубуз. Андыктан бул багытка абдан чоң маани беришибиз керек. Колдон келсе ата-энелер балага диктант жаздырышы керек. Мисалы, былтыр республика боюнча жарандарга жалпы диктант жаздырдык. Ошондон бир мисал келтирейин:

Бишкек шаарынан 1 миң 100 адам катышты. Анын 40 пайызы "жаман" деген баа алды. Сабаттуу болуш үчүн тынымсыз эмгек кылуу керек. Биздин тилибизди сырттан бирөө келип өнүктүрүп бербейт. Тилдин тагдыры ар бирибиздин колубузда!
Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам өлкөнүн башка мыйзамдарына шайкеш келбейт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан