Орусиянын Москва шаарында сантехник жумуш убактысында эски байпактан 250 миң рубль (болжолдуу 263 миң 555 сом) таап алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 25 жаштагы Татьяна аттуу кыз чогултуп жүргөн акчасын эски байпакка салып, ага магнит жармаштырып, ваннанын түбүндөгү темирге бекиткен. Ваннада суу акпай калгандыктан сантехникти чакырууга туура келген. Кыз үй жумуштары менен алек болуп жатып, сантехниктин ишине көңүл деле бурган эмес.
"Сантехник өзүнүн жумушун бүтүрүп, курал-жарактарын жыйнаштырып, акысын алган соң үйдөн шашып чыгып кеткен", - деген ал.
Татьяна бир күн өткөн соң гана өзүнүн чогултуп жүргөн акчасы тууралуу эстеп, койгон жерин карап, таппай калган. Ал дароо полиция кызматына кайрылган.
Азыркы учурда полиция кызматы тарабынан сантехникти издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.