"Бир жыл бою тоннель казышкан". Дагестанда оор кылмыштарга айыпталгандар абактан качып кетишти

Дагестанда 10 жылдан 14 жылга чейин соттолгон 6 киши качып кетти. Качкындар тоннель казып, ал аркылуу эркиндикке чыгышканын орус басылмалары укук коргоо органдарынын маалыматына таянуу менен жазып чыгышты.

Бул боюнча Орусиянын тергөө комитети Махачкаладагы №2 түзөтүү абагынын кызматкерлерине карата "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогону маалымдалат.

"Абактан качкандардын төртөө маңзат, экөө киши өлтүрүү айыбы менен кесилген. Соттолуучулар түрмөдөн качуу үчүн бир жыл бою өтмөк казышкан. Изделип жаткандар тажикстандык жарандар. Учурда аларды издөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nazira...
2020-09-24 15:40:35
Кинодогудай го, тооба. Точно шалаакылык кылышкан турмо кызматкерлери.
+6
Saiit
2020-09-24 15:51:36
Алмазбекта казып атса керек кирка одбойниктер менен Бир жолу прямой Кой-Таштан чыгатурган кылып Сокенин резденсияына бир остоновка комната одух кылып андан ары кайра чукуп!!
-6
Mister-X
2020-09-24 21:06:25
Saiit,Не деп эле жазып койдун.Туура жазып уйрончу
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан