реклама
super.kg logo

Теледебат: Сыймык Жапыкеев "Ата Мекендин" өкүлүнө: "Лидериңер улам партия алмаштырат, КСДП анан ЛГБТ беле, эмне эле?"

 

Кечээ, 23-сентябрда ЭлТР телеканалында парламенттик шайлоого аттанып жаткан талапкерлердин теледебаты болуп өттү. Ага "Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Элдар Абакиров, "Чоң Казат" партиясынан депутаттыкка талапкер Сыймык Жапыкеев, "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан" депутаттыкка талапкер Акбокон Таштанбеков катышты.

"Чоң Казат" партиясынан талапкер Сыймык Жапыкеев "Ата Мекен" партиясынан талапкер Элдар Абакировго: "Силердин лидериңер үч айда үч партия алмаштырды. КСДП, “ЛГБТ” беле, эмне эле (ред. КЛДП), андан кийин “Ата Мекенге” кирди. Үч айда үч партия алмаштырган эмне деген лидер?", - деген суроо узатты.

Элдар Абакиров: "Эч ким үч партия алмаштырган жок. КСДП чачырап кетип, баарыбыз кеттик. "Кыргыз либерал демократиялык партиясына" баарыбыз мүчөбүз. Ал партиядагылар толугу менен "Ата Мекендин" ичине коалиция болуп кирдик", - деп жооп берди.

Сыймык Жапыкеев: "Партия ачкан оюнчукпу? Партияны эмнеге ачтыңар? Башынан эле "Ата Мекенге кирбейсиңерби? "Ата Мекен" партиясы эмне кылдыңар, эмне деген Конституцияны жаздыңар? Былжыратып Конституция жазыпсыңар", - деди.

Элдар Абакиров: "Ал Конституция жакшы, бирок иштебей турат. Конституцияны иштетүү үчүн парламентке баратабыз", - деп жооп берди.



Сыймык Жапыкеев "Ата-Мекендин" өкүлүнө: "Лидериңер улам партия алмаштырат, КСДП, анан ЛГБТ беле, эмне эле?"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(11)
24.09.2020. 11:34 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
14-09-2020
Соӊку аракети:
05-10-2020 13:02
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мынча маданиятсыз адам, ким эмне кылса озу билет да тооба
24.09.2020. 11:57 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
18-09-2020
Соӊку аракети:
27-10-2020 16:05
Жынысы:
Белгисиз
+13
middle,жеке жашоодо озу билет ар бир адам а мамлекети башкарам депутат болом деп аракет кылганда туруктуу болуш керек озум билем отпойт
24.09.2020. 11:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
146
Катталган:
20-09-2019
Соӊку аракети:
27-10-2020 12:26
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар ким жаны создорду озуно ынгайлуу кылып кабыл алат
24.09.2020. 12:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
622
Катталган:
01-05-2017
Соӊку аракети:
27-10-2020 15:04
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сыймык Жапыкев айткандай Кыргызстанга менмин деген маданиятуу, миллиардер Билл Гейтсти алып келсе да банкрот болуп калат .Асманды багындырган Марска будущий жашоо кылам деген милярдер Илон Маскты Кыргызстанга кел десе , кой Марс планетасына барам десе керек .Сыймык ыйлаганчалык бар Кыргызстан Рекеттердин жашоосуна айланып калган : Жакшы да бизде Нефть Газ жок , болгондо Венесуела Сирия чепуха болуп калмак .Баранов айткандай ПАНДЕМИЯНЫ унутуп калдыкбы? Эл эмне болгонун ким качканын пайдасыздар
24.09.2020. 12:06 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
18-09-2020
Соӊку аракети:
27-10-2020 15:34
Жынысы:
Белгисиз
-14
Жапыкеев тормуз
24.09.2020. 12:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
565
Катталган:
30-11-2011
Соӊку аракети:
27-10-2020 12:09
Жынысы:
Белгисиз
+7
Toguzbaim,озун тормозсун! Сендей тормоздордун коптугунон Кыргызстан артка кетип жатат.
24.09.2020. 13:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
03-04-2020
Соӊку аракети:
27-10-2020 13:01
Жынысы:
Белгисиз
+6
Toguzbaim,Жапыкеев айткан создорун чындык экенин билбеген сен тормозсун..
24.09.2020. 16:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
22-04-2017
Соӊку аракети:
27-10-2020 13:55
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сыймык оюнузга толлук кошулам.
24.09.2020. 16:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
571
Катталган:
04-01-2015
Соӊку аракети:
27-10-2020 01:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ортосунда ыйык тоосу бар калаа.
+3
2 чи суроосу кызык болду :)
25.09.2020. 08:23 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
21-07-2020
Соӊку аракети:
24-10-2020 17:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец, кыкн деп нормально жооп бере албады оппоненти. Туура айтат
25.09.2020. 21:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
209
Катталган:
07-02-2020
Соӊку аракети:
27-10-2020 14:42
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сыймык алга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
153831;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: