Австралиянын 53 жаштагы жараны жүздөгөн биологиялык бир туугандары бар экенин билди

Австралиянын 53 жаштагы Фиона Даррок аттуу жараны дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жашаган жүздөгөн биологиялык бир туугандары бар экендигин билди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Фиона Даррок Түштүк Африкада төрөлгөн, бирок учурда Австралияда жашайт. Ал 53 жашында интернеттен акушер-гинеколог Норман Уолкердин китебин издөөнү чечкен. Интернет китеп дүкөндөн ирландиялык аял "доктор Уолкер менин биологиялык атам жана ал сперма донору болгон" деп жазылган пикирди окуп калып издеп баштаган.

Фиона Даррок жаш кезинде Уолкер менен кат алышып жүргөнүн эстеп, каттардын ичинен 16 жашында алган айдоочулук күбөлүгүн таап, сүрөттөгү кишини өзүнүн кызына окшоштугун байкаган. Дарроктун апасы жасалма уруктандыруу жолу менен боюна бүтүргөнүн айтып берген соң, ал ДНК-тестинен өткөн. Гинеколог Уолкер биологиялык атасы экендиги далилденген. Атасы менен иштеген клиниканын кызматкерлери гинеколог сперма донору болгонун жана анын 100дөн ашык биологиялык балдары бар экенин тастыкташкан. Ал мындан 38 жыл мурун өз жанын кыйып, каза болгонун айтышкан.

Даррок өзүнүн 200 же 300 бир тууганы бар болушу мүмкүн экенин, алар АКШ, Ирландия, Жаңы Зеландия, Улуу Британия, Түштүк Африка жана Австралияда жашарын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан