Луис Суарес "Атлетико Мадрид" клубуна өттү

Белгилүү футболчу Луис Суарес каталондук "Барселона" клубунан "Атлетико Мадрид" футболдук клубуна өттү. Бул тууралуу "Барселона" футболдук клубунун расмий сайтына жарыяланды.

"Барселона клубу Луис Суареске клуб үчүн берилүү менен ойногондугу үчүн ыраазычылык билдирет жана алдыдагы карьерасына ийгиликтерди каалайт", - деп жазылган каталондук клубдун расмий сайтына.

Бүгүн, 24-сентябрда Бишкек убактысы боюнча саат 13:30да Суарес менен коштошуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Суарес "Барселона" клубунда 2014-жылдан бери ойноп келет. 2019-2020-жылкы сезондо 33 жаштагы уругвайлык чабуулчу жалпы 36 оюнга катышып, 21 гол киргизип, 10 жолу голдук пас чыгарып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан