Австралиянын Тасмания арал-штатында болжол менен 380 дельфин жээкке боюн уруп, өлгөн. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Австралия тарыхында мындай масштабдуу окуя болгон эмес. Бир нече күндүн ичинде 470тей дельфин жээкке чыгып калган.
Жээкке чыгып калгандардын элүүсүн гана сууга түшүрүүгө мүмкүн болду. Куткаруучулар дагы отузун аман алып калууга аракет кылышууда.
"Алар дале тирүү, жээктеги тайыз сууда турат. Биз аларды куткарып калабыз деп үмүттөнүп турабыз. Бирок убакыт өткөн сайын алардын шайы ооп жатат", - деген тасмандык бийликтин өкүлү Ник Дека.
Белгилей кетсек, буга чейин 2018-жылы Жаңы Зеландияда 200 чамалуу дельфин-гринддер жээкке чыгып өлгөн.