Александр Лукашенкону Беларусь өлкөсүнүн президенти деп кайсы мамлекеттер тааныды? (тизме)

Беларусь өлкөсүндө 9-августта өткөн президенттик шайлоодо Александр Лукашенко шайлоочулардын 80 пайыз добушун алып, жеңишке жетишкен. Ал эми инаугурация аземи кечээ, 23-сентябрда Эгемендүүлүк сарайында болуп, Лукашенко расмий түрдө президенттик кызматына киришти. Бирок өлкөдөгү нааразычылык акциялары дагы да болсо токтой элек.

Аземден кийин АКШ баш болгон Батыш өлкөлөрү шайлоонун мыйзамдуулугун тааныган жок. Европанын бир катар өлкөлөрү Беларусь лидеринин инаугурациясын “жашыруун уюштурулган” деп сындап жатышат.

Ошол эле учурда Беларусь өлкөсүндөгү президенттик шайлоону өттү деп тааныган бир катар өлкөлөр бар. Айрым лидерлер Лукашенкону шайлоодо жеңишке жетип, президенттик кызматка киришкени менен куттукташкан. Беларусь өлкөсүндөгү президенттик шайлоону өттү деп Орусия, Түркия, Кытай, Армения, Сирия, Вьетнам, Венесуэла, Никарагуа жана Молдова тааныган.

Мындан тышкары Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан, Кыргыз өлкөсү, Тажикстан жана Азербайжандын президенттери Александр Лукашенкону кайрадан шайланышы менен куттукташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
sultan_bek
2020-09-25 00:31:36
Россияга коз каранды мамлекеттер таанышыптыр
+11
kana9151
2020-09-25 17:46:00
sultan_bek,Кытай Россияга көз каранды эмес го
+2
Kamchybek-007
2020-09-25 07:15:43
Кыргызстандын куттуктаганы духу жетпейт себеби европадан канчалаган карызы бар
-2
bond
2020-09-25 12:07:54
Kamchybek-007,жетип эле куттуктады го
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан