Социалдык тармактарда асманда бара жаткан учакты карап, апалап кыйкырган бөбөктүн видеосу тарады.
Аталган видео көпчүлүктүн көңүлүн буруп, көзүнө жаш айландырды. Интернет колдонуучулары азыркы тапта алыстагы мигрант ата-энесин бул бөбөккө окшоп зарлап күткөн балдар көп экенин жазышып, мунун баарына бийлик өкүлдөрү, убагында ошол депутаттарды жакшы тандай албаган эл өзү күнөөлүү экенин жазып чыгышты.
Ал эми чет жерде иштеген мигрант ата-энелер аларды да үйүндө ушундай талбай күткөн балдары бар экенин айтышып, аталган видео алардын жүрөгүн канатканын жазып калтырышкан.