Дагестан тоннель казып абактан качып кеткендерди табууга жардам бергендер үчүн акчалай сый акы жарыялады

Дагестан Республикасынын башчысы Владимир Васильев абактан качкан алты кишини табууга жардам берген маалымат үчүн миллион рублге чейин сый акы убада кылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Ал ошондой эле өздөрү кайтып келгендерге качып кетүүнүн жазасы жеңилдей турганын белгиледи. "Ар кандай болот. Арасында 15-17 жылга камалгандар бар, азыраак убакытка камалгандар да бар", - деп билдирди Васильев.

Кечээ, 24-сентябрда Махачкала шаарынын четиндеги абактан алты киши качып кеткен. Алардын экөө 30 жаштагы тажикстандык жарандар. Камактагылар бир жыл бою качууну пландап, ал убакыт ичинде түрмөдөн сыртты көздөй тоннель казып, чыгып кетишкен.

Орусиянын Тергөө комитети түзөтүү колониясынын кызматкерлеринин шалаакылыгы боюнча кылмыш ишин козгоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2020-09-25 18:27:28
Кино талаада калыптыр го.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан