"Бул видео ар күнү парламентте көрсөтүлүп турушу керек". Алыстан ата-энесин күтүп, апалап кыйкырган баланын видеосуна айтылган социалдык тармактардагы пикирлер (видео)

Социалдык тармактарда асманда бара жаткан учакты карап, апалап кыйкырган бөбөктүн видеосу тарады.

Аталган видео көпчүлүктүн көңүлүн буруп, көзүнө жаш айландырды. Интернет колдонуучулары азыркы тапта социалдык тармактарда түрдүү пикирлерин билдирип жаткан кези. Алардын кээ бирлерине токтолуп көрдүк.

"Бул видео ар күнү парламентте депутаттарга көрсөтүлүп турушу керек. Ошондо депутаттар сүйүктүүсүн эмес, элдин жашоосун кантип жакшыртуу керектигин ойломок. Жумуш орундарын түзүп, экономиканы көтөрүп. Кыргыз өлкөсүндө ар бир бала эртең менен туруп, "апа, кутман таң" деп кичинекей колдору менен кучактап айта тургандай".
"Миграция маселеси - ата-энесиз өсүп жаткан муун".
"Бала кичинекей го, бирок апасынын учак менен кеткенин түшүнөт экен".
"Байкуш балдар. Ар бир балага ата-эне керек. Алардын ордун эч ким баса албайт. Бул элдин трагедиясы. Балдардын келечеги үчүн ата-эне жанында болушу керек".

Бул өңдүү пикирлер социалдык тармактарда миңдеп саналат. Ал эми кээ бир социалдык тармактын колдонуучулары баланы таап, ага көмөк көрсөтүү ниети бар экендигин жазышууда.

Алыстан ата-энесин күтүп учак көрсө апалап кыйкырган бала көпчүлүктүн көңүлүн бурду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Saiit
2020-09-26 10:44:30
Ата Эне оздору да куноолуу Кыргызыстанда эч ким ачкалыктан олгон жок! Кайткыла баарынар Плошотко чыкыла арзы мунунарды айткыла Ошо Плошотко уй тигип олтуруп алгыла иштегиле урууларга турмо деп! Ачык ичинердегини плошотко чыгып айта албпайсынар! Россияга кеткендер ошо силерге жагат орустун туалетин тазалап журуу! Казак менен Манголду карагыла ачкалсакта эч жака чыпкайбыз деп оз журтуна журот!! Жарымын кул болуп Орустун жарандыгын алып алдынар! Жарандык алгандар баарибир силер экинчи сортогусунар
-2
Gsuita
2020-09-26 12:13:13
Ката жазган адамдарга кыжырым келет. Туура жазганды үйрөнүп ал, адамдарга акыл үйрөткөндөн көрө.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан