Испаниядагы шарап заводунда шарап куюлган бак жарылып, алкоголдук ичимдик чоң аянтка төгүлгөн. Бул
тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Окуя Испаниянын Вилламала айылында болгон. Анда шарап сактоочу темир бак жарылып, 50 миң литр
алкоголдук ичимдик чоң аянтка төгүлгөн. Бактыга жараша, жабыркагандар жок.
Буга чейин 2018-жылы Италияда шарап куюлган бак жарылып, андан 30 миң литр алкоголдук ичимдик жайылып кеткен.