Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун кезектеги маеги "Биринчи радиосуна" жарыяланды. Анда президентке "Азыр эл арасында шайлоодон кийин карантин кайра киргизилет экен деген да сөздөр бар?" деген суроо берилди.
"Эми карантин киргизиш оңой, ал жеңил, баарын жаап салабыз, бардык кыймыл токтойт. Аны менен маселе чечилбейт да. Башында билесиздер, март жана апрель айларында элди санитардык эрежелерге көндүрөлү деп карантин киргиздик — ал өзүнүн эффектисин берди. Бирок карантинди коё бергенден кийин ошол санитардык эрежелерди, социалдык дистанцияны сактабай, кайдыгер мамиле менен, кээ бир саясатчылардын оору жок дегенине эл ишенип чыгып алды. Ошонун жыйынтыгы менен июнь–июль айларында абдан кыйналдык. Оору аябай таркап, ооруканалар, медиктер элге медициналык жардам көрсөткөнгө үлгүрбөй, кандай кыйынчылыктар болду, аны көрдүк да. Ошол үчүн ар бирибиз жооптуу болуп, карантинге ишенбей, ар адам өзүнө тыюу салганды, өзүн сактаганды үйрөнүшү керек жана ар адам жоопкерчилик менен мамиле кылышы зарыл. Анан ошондо карантиндик режим сакталат", - деп жооп берген өлкө башчы.