Жакында эле карьерасын жыйынтыктаган UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор кайра сегиз бурчтукка кайтып келүүгө макул болду. Бул тууралуу мушкер социалдык тармактагы жеке баракчасына жазган.
Конор Макгрегор UFC'нин ардагери америкалык Диего Санчестин чакырыгына макул болгон. 38 жаштагы Санчес карьерасындагы акыркы беттешин ирландиялык мушкер Макгрегор менен беттешкиси келгенин жарыялаган. Мындан тышкары, ирландиялык спортчу UFC'нин башчысы Дана Уайт менен февраль айында болгон кат алышуусун бөлүшкөн.
Буга чейин UFC уюму ирландиялык мушкер Макгрегорду мушташка кайтарууну пландап жаткандыгын, ал үчүн 2021-жылы кызыктуу нерсе даярдап жаткандыгы жөнүндө кабарланган.