Лондондун Трафальгар аянтында 26-сентябрда коронавирус пандемиясынан улам карантиндик чектөөлөрдү кайталап киргизүүгө каршы миңдеген адамдар чогулду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, демонстранттардын көбү беткап тагынбай, эркиндиги чектелип жатканын айыпташып, "Мен макулдук берген эмесмин" деген жазууларды көтөрүп турушту.
Шаар полициясы митингчилерди таркатуу үчүн атайын куралдарды колдонушкан.
Белгилей кетсек, мындан бир апта мурун Лондондогу ушундай акцияда демонстранттар менен полиция кагылышып, ондогон адамдар камакка алынган.
Ал эми Британияда соңку күндөрү коронавирус менен ооругандар көбөйүп жаткандыктан айрым катаал карантин чаралары кайрадан киргизилген.
АКШдагы Жон Хопкинс университетинин эсебинде дүйнөдө коронавируска кабылгандардын саны 32 миллион 969 миң 955ке жетти. Илдеттен бир миллионго чукул бейтап көз жумду.