Армения Карабахта болгон салгылашууда 16 аскери курман болгонун тастыктады

Тоолуу Карабах Республикасында Азербайжан менен болгон салгылашууда Армениянын 16 аскери курман болду. Бул тууралуу Армениянын коргоо министринин басма сөз катчысы Шушан Степанян социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Ошондой эле Степанян жаракат алгандардын саны 200дөн ашканын билдирген. Ошол эле учурда Коргоо министрлигинин өкүлү Арцрун Оганесян брифингде Тоолуу Карабахта болгон салгылашууда Азербайжан тарап 200 аскер кызматкерин, 30 брондолгон техниканы жана 20 пилотсуз учагын жоготконун айткан.

Эске салсак, Армения менен Азербайжандын ортосундагы жаңжалдын курчушу жекшемби күнү эртең менен башталган. Тараптар бири-бирин чагымчылдыкка жана аткылоого айыпташып, андан кийин Азербайжан Тоолуу Карабах менен чек ара сызыгынын бардыгына чабуул койгон.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан