"Абал курч". Армения-Азербайжан кагылышуусунда эки тараптан тең жарандар каза болгондугу жарыяланды

Тоолуу Карабахта жекшемби күнү башталган Армения-Азербайжан кагылышуусунда эки тараптан тең жарандар каза болду. Бул тууралуу Армениянын Коргоо министрлигине таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кагылышуудан Армениянын 2 жараны каза болсо, Азербайжан 5 адам (үй-бүлө мүчөлөрү) каза болгондугун билдирген. Жаңжал башталгандан көп өтпөй Азербайжандын президентинин кеңешчиси Хикмет Гажиев социалдык тармактагы баракчасына жабыркаган үйдүн жана жарадар болгон адамдын сүрөттөрүн жүктөгөн.

Абал курч болгондугуна байланыштуу эки өлкө тең аскердик абал жарыялашты.

Өз кезегинде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антонио Гутерреш Армения менен Азербайжанды “кагылышууну токтоосуз токтотууга” чакырууда. БУУнун Башкы катчысы жаңжалды токтотуу үчүн эки өлкөнүн лидерлери менен байланышта болорун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
suban78
2020-09-28 10:49:35
Тынччылык болсун
+10
Arsen86
2020-09-28 14:29:47
Согуш болбой эле койсо жакшы болот эле
+4
Neiro
2020-09-28 15:13:14
Оа согуш болбойле койсун
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан