АКШда пицца жеткирүү кызматын көрсөткөн 89 жаштагы карыяга туруктуу кардары 12 миң доллар чай-пул топтоп берди

АКШнын Ле-Рой шаарында пиццага буюртма берген кардар аны жеткирип иштеген пенсионерге 12 миң доллар чай-пул топтоп берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

​Маалыматка караганда, 89 жаштагы Дерлин Ньюнинин пенсиясы кызматтык эсептерди төлөөгө жетпейт. Мындан улам ал кошумча акча табуу үчүн аптасына 30 саат пицца жеткирип иштейт.

"Анын туруктуу кардарларынын бири Карлос Вальдез карыя Ньюнинин пицца жеткирген учурун видеого тартып алган. Андан соң аны социалдык тармакка жүктөгөн. Видеону көргөн колдонуучулардын көбү улгайган адамдын мынчалык көп иштегенине сарсанаа болушкан. Жыйынтыгында Вальдездин үй-бүлөсү акча чогултуп, пенсионерге жардам берүү идеясын демилгелеп чыккан", - деп жазылат маалыматта.

Карлос Вальдез карыяга сюрприз уюштуруп, анын үйүнө барып 12 миң доллар акча тапшырган.

Пицца жеткирген 89 жаштагы пенсионерге күтүлбөгөн жерден кардары 12 миң доллар берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alym21
2020-09-29 13:01:03
Бала-чакасы жок бекен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан