Обончу, аткаруучу жана актёр Төлөгөн Мамыров бойдокчулук менен коштошуп, сүйүктүүсү Айтурганга баш кошту. Түгөйлөрдүн үлпөт тою 26-сентябрда Ноокатта өттү.
Төлөгөн Мамыров чыгармачылыктагы достору аркылуу сүйүктүүсүн кезиктиргенин айтып, махабат баянына кыскача токтолду.
"Жубайым менен ырчы досторум тааныштырды. Ал сулуулук салондорунун биринде чач тарач болуп иштеп жүрүп, чыгармачыл адамдар менен тааныш экен. Мен үйлөнөм деп калдым. Ошондо досторум таанышып көргүлө деп Айтурганды сунуштап калышты.
Айтурган экөөбүз таанышкан күнү эле ой-пикирлерибиз келишип, сөздөрүбүз бир болуп үйлөнөбүз деп чечтик. Арадан 40 күн өткөндөн кийин тоюбуз болду. Жубайымдын жашы 18де", - дейт ал.
Эки жашка шоумен Кадыр Жарматов менен жубайы өкүл ата, өкүл апа болушту.