184 миңден ашуун салык төлөөчү салыктык кызматтарды онлайн пайдаланууда

Бүгүн, 28-сентябрга карата 184 миң 557 салык төлөөчү салык кызматтарын онлайн пайдаланууда. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аталган көрсөткүч 45 миң 559 пайдалануучуга көбөйдү. Алардын ичинен 164 миң 441 салык төлөөчү Salyk.kg "Жеке кабинет" сервиси аркылуу, ал эми 20 миң 116 адам тейлөө операторлору аркылуу салыктык кызматтарды пайдаланууда.

"Salyk.kg сервиси жарандарга салык органынын кызматтарын акысыз онлайн пайдаланууга, анын ичинде отчётторду жана салык декларацияларды тапшырууга, салыктарды төлөөгө (анын ичинде патент жана камсыздандыруу полиси үчүн), арыздарды берүүгө, салык кызматы менен кат алышууга, ошондой эле маалымкаттарды алууга жана башка жеткиликтүү инструменттерди пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан