Британиялык алып баруучу жана жаратылыш тууралуу документалдык фильмдерди тарткан Дэвид Аттенборо Инстаграмдагы баракчасында дүйнө боюнча эң бат катталуучу топтоп, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 94 жаштагы Аттенборо 4 саат ичинде миллион катталуучу топтогон. Биринчи постунда эле ал глобалдык жылуулануу маселеси тууралуу айткан.
"Мен радио менен телевидениеде 60 жылдан ашык иштедим, бирок Инстаграмда биринчи жолу" деп кошумчалаган ал өз билдирүүсүндө.
Андан сырткары алып баруучу роликте континентти каптаган өрт, муздардын эриши, өлүп бараткан коралл рифтери тууралуу айтып, дүйнө кыйын кырдаалда турганын эске салган.
Дэвид Аттенборо аккаунтун жеке өзү жүргүзбөйт. Ага "Биздин планетадагы жашоо" документалдык фильмин тартууда чогуу иштешкен Коллин Батфилд менен Жонни Хьюз жардам берет. Алардын айтымында, Аттенборо үчүн социалдык тармактар - адаттан тыш нерсе.
Буга чейинки рекордду актриса Женнифер Эннистон жараткан болчу. Ал социалдык тармакка 2019-жылдын октябрында катталып, 5 саат 16 мүнөт ичинде миллион колдонуучу топтоого жетишкен. Андан мурдагы рекорд койгондордун тизмесинде футболчу Дэвид Бекхэм жана Папа Франциск болгон.
Дэвид Аттенборонун колдонгонуна 3 күн болгон Инстаграм баракчасынан 4 миллион 5 миң катталуучуну көрүүгө болот.