Бишкектеги Төкөлдөш конушунда дайынсыз жоголгон бала табылды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-сентябрь күнү Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө 2010-жылы туулган М.В. аттуу баланын дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал ошол күнү саат 20:30 чамасында аталган конуштагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.
"Аталган факты боюнча Октябрь РИИБинин ыкчам тергөө тобу издөө иш-чараларынын алкагында баланы табып, ата-энесине өткөрүп беришти", - деп айтылат маалыматта.