Орусиядагы Армяндар бирлигинин президенти Ара Абрамян Тоолуу Карабахка 20 миңге жакын армян ыктыярчылар бара тургандыгын орусиялык басылмаларга билдирген.
"Биз бир түндө 20 миңге жакын ыктыярчылардын тизмесин түздүк. Эми ал жакка аларды жөнөтүү үчүн аскердик унаа сурайбыз", - деген Абрамян.
Мындан тышкары миңге жакын орусиялыктар Тоолуу Карабахка ыктыярдуу түрдө барууга даяр экендигин билдиришкен. Бирок Армяндар бирлиги мындай сунушу үчүн аларга жөн гана ыраазычылыгын билдирген.
Учурда эки өлкөгө аскер абалы жарыяланып, абал курч бойдон калууда.