"Чоң жыйырмалык" саммити онлайн форматта өтөт

"Чоң жыйырмалык" (G20) мамлекет жетекчилеринин Сауд Арабия төрагалык кылган саммити 21-22-ноябрда онлайн-форматта өтөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Саммит негизинен коронавирус таркалып жаткан учурда адамдардын ден соолугун коргоо жана экономикалык өсүүнүн абалы тууралуу болот. Ошондой эле пандемия учурунда ачыкка чыккан алсыз тармактар менен күрөшүү маселелери каралмакчы.

G20 коронавирустук инфекция менен күрөшүүчү дары-дармек жана вакцина иштеп чыгуу үчүн 21 миллиард доллардан көп каражат бөлүнгөнүн маалымдаган. Ошондой эле "Чоң жыйырмалык" дүйнөлүк экономиканы колдоо максатында дагы 11 триллион доллар бөлгөн жана пандемиядан улам кыйын кырдаалда турган айрым мамлекеттердин карыздарын токтоткон.

G20'нын курамына кирген өлкөлөр: Аргентина, Австралия, Бразилия, Британия, Германия, Индия, Индонезия, Италия, Канада, Кытай, Мексика, Орусия, Сауд Арабия, АКШ, Түркия, Франция, Түштүк Корея, Япония, Европа биримдиги.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан