Орусияда таксист кардарынын кулагын жулуп алды

Орусиянын Сочи шаарында таксист кардарынын бир кулагын жулуп алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматта кулагынан айрылган жаран 24 жашта экени белгиленет.

"Окуя Сочинин Адлер районунда орун алган. Жабырлануучу сүйлөшкөн кызы менен бирге такси жалдаган. Алар айткан жерге келгенден кийин айдоочу менен кардардын ортосунда түшүнбөстүк келип чыккан. Мындан улам экөө мушташа кетип, таксинин айдоочусу кардарынын кулагын жулуп алган. Окуя болгон жерге укук коргоо органдары менен "Тез жардам" кызматы келген. 24 жаштагы жабырлануучу полицияга арыз менен кайрылган. Бирок кийин эки тарап бири-бири менен келишип алганы маалым болду", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
eddi.
2020-09-29 10:35:26
Таксист кыргыз тайсон окшойт
+3
adilbars
2020-09-29 13:21:37
Кулак жасалма окшойт го
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан