Тоолуу Карабахтагы Армения-Азербайжан кагылышуусу күчөп, абал курч бойдон. Эки өлкөнүн тең Коргоо министрликтери бири-бирине карата чабуулдардын видеосун интернет желесине таратууда.
Армениянын Коргоо министрлиги Азербайжан аскерлерине жана техникаларына карата чабуулун жарыяласа, өз кезегинде Азербайжан Армениянын 2 танкын жок кылган видеону жарыялады.
Чет элдик эксперттер бул кагылышууда Азербайжан тараптын армиясы күчтүү экенин, бирок ошол эле учурда Армения ага туруштук бере аларын жазышууда.
Учурда Арменияда 18 жаштан 55 жашка чейинки эркектерге өлкөдөн чыгууга тыюу салынды.
Эки өлкөгө тең аскер абалы жарыяланып, абал курч бойдон калууда.