"Бригада" сериалында Саша Белыйдын ролун аткарган актёр Сергей Безруков орусиялык басылмалардын бирине интервью берип жатып, тасманын уландысы боюнча пикирин билдирген.
Маалыматка ылайык, актёр "Бригада" тасмасынын күйөрмандарын сериалдын уландысын күтпөй коюу максатка ылайык экендигин белгилеген.
Актёр 27 жашындагы ролу үчүн сыймыктанарын, ошондой эле Саша Белыйдын ролу ал үчүн "бакма ата" сыяктуу экендигин баса белгилеп өткөн. "Азыркы учурда менин канчалаган ролдорум бар... "Бендера" тасмасынын жарыкка чыгышын күтүп жатам. Анда Ибрагим Бендердин ролун жараткам. Мен үчүн жаңы ролдорду ойноо кызыктуу. Кайра артка кайрылуунун эмне кереги бар?" - деп кошумчалаган ал.
"Бригада" көп сериялуу криминалдык драма 2002-жылы экранга чыккан. Тасмада Безруковдон башка дагы Дмитрий Дюжев, Павел Майков, Владимир Вдовиченков, Екатерина Гусева, Андрей Панин жана башкалар роль жаратышкан.