Анжиянда Кыргыз жараны жол кырсыкка кабылып, өзү жана эки кыз каза болду

Коңшу Өзбекстанда жүк ташуучу унааны айдап бараткан Кыргыз жараны кырсыкка кабылган. Кырсык болгон жерде эки өзбек өспүрүм кыз жана айдоочу каза болгон. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 28-сентябрь күнү саат 17:20да болгон. Анда Анжиян трассасында Volvo жүк ташуучу унаанын айдоочусу 28 жаштагы Ш.Л. аттуу Кыргыз жараны Саноат айылынын аймагында баратып, рулду башкара албай, жолдун каршы тилкесине чыккан. Натыйжада жолдун четинде бараткан 10 жана 3 жаштагы кыздарды сүзүп, андан ары турак үйдү сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен эки кыз менен айдоочу окуя болгон жерден каза болушкан.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bihter
2020-09-29 16:31:34
Бордо кырсыктан кудай сактасын,каза болгондордун ыйманы саламат болсун.Жакындарына сабыр тилейм,окунучтуу
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан