Армениянын Варденис шаарындагы аскер бөлүгүнө Азербайжандын куралдуу күчтөрү сокку урду. Бул тууралуу Армениянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Шушан Степанян социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Азербайжандын куралдуу күчтөрү Варденистин аскер бөлүгүн аткылап, позицияларга каршы авиацияны колдонушту. Эми бизден катуу жоопту күткүлө", - деп жазган Степанян.
Учурда Орусия, Франция баштаган бир катар мамлекеттер эки өлкөнү сабырдуулукка чакырууда.
Эки өлкөгө аскер абалы жарыяланып, абал барган сайын оор болууда. Тараптар бири-бирине чабуул жасап жатышат.