АКШ президенттигине талапкерлер Дональд Трамп менен Жо Байден бүгүн дебаттан жолугушат

Бүгүн, 29-сентябрда АКШнын Огайо штатындагы Кливленд шаарында АКШ президенттигине талапкерлер учурдагы лидер Дональд Трамп жана анын атаандашы Жо Байдендин биринчи дебаты өтөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, талапкерлер бир жарым саат бою алты негизги теманы талкуулашы керек. Анын ичинде коронавируска байланыштуу кырдаал, экономика, добуш берүүнүн коопсуздугу жана АКШнын шаарларындагы нааразычылык акциялары бар.

"Буга чейин Демократиялык партиядан талапкер Жо Байден Трамп ички жана тышкы саясатты терең түшүнбөй турганын жана дебаттарда жеке чабуулдарга барарын билдирген. Ал эми Трамп өз кезегинде атаандашын дебат алдында мыйзамсыз баңги заттардын бар-жогун текшерүүдөн өтүүгө чакырды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан