Ирактын борбор шаары Багдаддагы эл аралык аэропортунун имаратына карай ракеталык чабуул жасалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аткылоонун натыйжасында аэропорттун жанындагы турак жайга зыян келтирилген. Аны "Катюша" ракетасы учурган. Чабуулдан жети адам каза болгон.
"Кол салуу шаардын эл аралык өкүлчүлүктөрү, мамлекеттик мекемелер, аэропорт жана ага жанаша жайгашкан аскер аэродрому жашыл зонада болгон. Ирактагы америкалык аскерий базалардын болушуна каршы Иран мамлекети колдогон согушкер топтор аткылашкан" - деп жазылат маалыматта.
Иракта жайгашкан америкалык аскерий базалар ушул жылдын башында ирандык генерал Касем
Солейманини өлтүргөндөн кийин тез-тез ракеталык чабуулдарга дуушар болушат. Генерал Солеймани,
Аль-Кудс, ушул жылдын 3-январында Багдад аэропортуна каршы аба соккусунан каза болгон.