Интернетке үй жаныбарларынын эң күлкүлүү сүрөттөрү жарыяланды

“Comedy Pet Photography Awards” сынагынын калыстар тобу 2020-жылы дүйнөнүн төрт тарабынан тартылган миңдеген сүрөттөрдүн арасынан мышыктардын, иттердин, аттардын, коёндордун жана башка үй жаныбарларынын эң күлкүлүү сүрөттөрүн тандап алышты.

Бул сынакка катышуу үчүн кесибин сүйгөн сүрөтчүлөр атайын акы төлөшөт жана чогултулган каражаттын бардыгы жаныбарларга жардам берүү үчүн кайрымдуулук фондго которулат. Сынактын уюштуруучулары катышуучуларды жөн гана үй жаныбарларына байкоо салып, ийгиликтүү учурду дароо кармоого чакырат жана аларды кыйнап позага түшүрбөөгө үндөшөт.

Жакында жарыялануучу сынактын жеңүүчүсү 3 миң фунт стерлинг (307 миң сомдон ашык) сыйлык алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан