Кытайда тарбиячы балдарды ууландырганы үчүн өлүм жазасына тартылды

Кытайда балдар бакчасындагы балдар ууланганы үчүн тарбиячы өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Кытайдын Хэнань провинциясындагы Цзяоцзо шаарынын элдик соту бакчада иштеген тарбиячыга карата балдарды ууландырганы үчүн өлүм жазасына тартуу чечимин чыгарды.

Күнөөлүү Ван Юнь "Мэнмэн" бала бакчасында иштечү. Ал жумушунда Сунь аттуу тарбиячы экөөнүн ортосундагы келишпестиктен кесиптеши менен эсептешүүнү каалаган. Тагыраагы, ал Сундун тобундагы балдардын боткосуна натрий нитратын кошуп койгон, анын кесепетинен 25 бала ууланып, ооруканага жаткырылган. Тилекке каршы, алардын ичинен бирөө каза болгон.

Териштирүү иш-чараларынын жыйынтыгында Ван Юнь өзүнүн жеке көйгөйүн чечүү максатында натрий нитратын колдонгону биринчи жолу эмес экендигин моюнуна алган. Ал 2017-жылы жолдошу экөөнүн ортосунда келишпестик чыгып, анын тамагына натрий нитратын салып берген, ал ууланып, бирок ден соолугуна олуттуу зыян келген эмес.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazira...
2020-09-29 23:07:44
Жинди го, бирок кытайга боло берет. Не кылса да кырылбайт булар.
+2
Raihan0602
2020-09-30 12:07:24
Шүмшүк десе
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан