Тоолуу Карабахтагы Азербайжан-Армения кагылышуусунда Түркия Азербайжанды бардык жагынан колдойт. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жергиликтүү басылмаларга билдирген.
"Биз бул маселенин түп-тамырынан бери чечилишин каалайбыз. Буга көп күч жумшадык, бирок майнап чыккан жок. Биз ар дайым Азербайжанга жакын болуп келебиз - согуш майданында дагы, сүйлөшүү столунда дагы. Биз бул тилектештикти улантабыз", - деген Чавушоглу.
Бийликтеги "Адилеттүүлүк жана Өнүгүү" партиясынын башчысынын орун басары Нуман Куртулмуш Стамбул Азербайжанга кол салууларды Түркияга кол салуу катары кабыл ала тургандыгын жана Азербайжанга жардам берүү үчүн бардык күчүн жумшаарын билдирген.
Ереван түрк чиновниктеринин билдирүүлөрүнө расмий комментарий бере элек.
Өз кезегинде Орусия президенти Владимир Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков Орусия Армения, Азербайжан жана Түркия менен дагы байланышта экенин билдирген.
"Орусия Ереван менен, Баку жана Анкара менен ар кандай деңгээлде туруктуу байланышта болуп турат", - деген Песков.
Учурда Армения менен Азербайжанга аскердик абал жарыяланып, абал оор бойдон калууда. Эки тарап тең бири-бирине сокку уруп жатышат.