Башкортостандын борбору Уфада кенеге арналган айкел орнотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Дунан Суйган тоосунун чокусунан табылган жарым метрлик таштын үстүндө күмүштөн жасалган беш сантиметрлик кененин айкели орнотулган. Айкелде "Мен дагы сендей жашагым келет!" деген жазуу бар.
Айкелди жаратуу идеясы саякатчы Олег Чегодаевге таандык. Эмгектин авторлору жаратылыштагы бардык жаныбарлардын маанилүүлүгүн баса белгилешкен жана адамдар терс мамиле кылган кене табияттын бир бөлүгү экендигин көрсөтүүнү каалашкан.