Кувейттин эмири Сабах аль-Ахмад ас-Сабах 91 жашында көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Кувейт өлкөсүнүн эмири Сабах аль-Ахмад ас-Сабахтын дүйнө салганын терең кайгыруу менен кабыл алдык", - деп билдирди өлкөнүн падышалык иштер министри шейх Али Жаррах аль-Сабах.
Эмирдин ооруп жатканы бир нече айдан бери айтылып жаткан. Ал өткөн жылдан бери бир нече жолу ооруканага түшкөн болчу.
Шейх Сабах Кувейт өлкөсүн 2006-жылдан бери башкарып келген. Эми анын ордуна иниси шейх Наваф аль-Ахмад ас-Сабах эмир болуп калат.