Түркиянын F-16 истребители Армениянын аба күчтөрүнө таандык Су-25 истребителин атып түшүрдү. Бул тууралуу Армениянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Шушан Степанян билдирген.
"Армениянын аба мейкиндигинде көп функционалдуу истребитель Армениянын аба күчтөрүнүн Су-25 чабуулчу истребителин атып түшүрдү", - деген Степанян.
Истребителдин учкучу каза болгон. Түрк истребители Армениянын аймагынан 8 миң 200 метр бийиктикте учуп өтүүгө жетишкен.
Өз кезегинде Тоолуу Карабах Республикасынын Коргоо армиясынын командачысынын орун басары Артур Саркисян шейшемби күнү Карабахтын аба мейкиндигинде F-16 истребителинин колдонулушу катталганын билдирген.
Баку менен Анкара түркиялык истребитель Арменияга таандык Су-25ти атып түшүрбөгөнүн билдиришүүдө.
Учурда эки өлкөгө аскер абалы жарыяланып, абал курч бойдон калууда.