"Кантип сүйлөшөбүз?". Азербайжан президенти Армения менен сүйлөшүү мүмкүн эместигин жарыялады

Азербайжан менен Армениянын ортосундагы кырдаал тууралуу бир пикирге келүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу Азербайжандын президенти Ильхам Алиев түз эфирде айткан.

"Армениянын премьер-министри убак-убагы менен Карабах Армения деп жарыялоодо. Мындай учурда бир пикирге келүүнүн кандай процесси жөнүндө сүйлөшсөк болот? Тоолуу Карабах Республикасынын айланасындагы аймактар Азербайжанга өткөрүлүп берилиши керек", - деген Алиев.

Анын айтымында, Армения сүйлөшүү процессин атайылап бузуп, кабыл алынгыс талаптарды коюп жатат.

Мындан тышкары Алиев Тоолуу Карабахта учурда абал өтө курч экендигин жар салды. Президенттин айтымында, Азербайжан тараптан 11 карапайым адам, анын ичинде эки бала курман болду. Аскерлер арасында дагы жоготуулар бар.

"Биз элибизди, жерибизди коргоо үчүн жооп берүүгө аргасыз болуп жатабыз" деп кошумчалаган Ильхам Алиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Agayu
2020-09-30 11:23:08
Адам менен Ит сүйлөшкөнгө болбойт : Керек болсо түшүнбөйт.А булар адам го ?
Кана экөөңөр жэкеме жэке мушташсаңар .
Баягы эле карапайым калк өлүп кетти .А силер креслодо олтуруп алып : ИТ болтасыңар .
+10
zam81
2020-09-30 11:36:13
Эки доо алышса бейажал чымын олот
+6
Mister-X
2020-09-30 15:06:05
Экоо рингге чыгып,ким женсе Карабахты ошол алыш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан