Армениянын Коргоо министрлигинин өкүлү Арцрун Ованнисян Тоолуу Карабахта учкучтардын түрк тилиндеги сүйлөшүүлөрү жазылып алынганын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялады.
"Биз учкучтардын түрк тилинде сүйлөшүүсүн жаздырып алдык", - деп жазган Ованнисян.
Буга чейин Армениянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы
Шушан Степанян Түркиянын F-16 истребители Армениянын аба күчтөрүнө таандык Су-25 истребителин атып түшүргөнүн
билдирген. Өз кезегинде Баку менен Анкара бул маалыматты четке каккан.
Учурда эки өлкөгө аскер абалы жарыяланып, абал оор бойдон калууда.