Шотландиянын тургуну Шарлотта Кларксон көзүнө линза тагарда аны жууп-тазалап, кургаткан эмес. Ал нымдуу колдору менен линзаны таккан. Эртеси анын оң көзү сезгенип, кызарып баштаган. Дарыгерге кайрылганда, ага вирус жукканы аныкталып, кератит диагнозу коюлган. Бул вирустук оору жайылып кетүүчү тери оорусу. Вирус көзгө линзаны нымдуу колу менен кармагандан суу аркылуу жуккан жана көздөгү чел кабыкты сезгентип, көрүүнү жоготуучу илдетке алып келген. Эки айдан кийин Кларксондун экинчи көзүнүн көрүүсү да начарлап, ооруканага жаткырылган. Алты ай дарылангандан кийин гана анын көрүүсү акырындык менен калыбына келе баштаган.