Азербайжандык белгилүү мушкер Тоолуу Карабах чырынан улам аскерге кетти

Тоолуу Карабахтагы Армения менен болгон кагылышууга байланыштуу азербайжандык белгилүү ММА мушкери Тофик Мусаев өз ыктыяры менен Азербайжан армиясынын катарына кошулду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мушкер кечээ, 29-сентябрда кеткен.

30 жаштагы Тофик Мусаев карьерасында жалпы 21 беттеш өткөрсө, анын 18инде жеңүүчү аталып, 3 ирет жеңилүү ызасын тарткан.

Учурда Армения менен Азербайжандын ортосундагы кагылышуу токтой элек жана барган сайын тараптар чабуулдарын күчөтүп, абал оор болуп бара жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Taalaibek.
2020-09-30 16:35:52
Согушта баатыр же коркок деген болбойт. Баары бир ажал келсе олот.
+3
Belek1710
2020-09-30 17:38:02
Сен жетпей аттың эле, болбосун согуш!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан