Бүгүн, 30-сентябрда Армениянын куралдуу күчтөрү Азербайжандын көп сандаган аскерин жана бир топ техникасын жок кылды. Бул тууралуу Армениянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Шушан Степанян социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Учурда байланыш линиясындагы согуш уланууда. Армения армиясы айрым жерлерде өч алуу иш-чараларын жүргүзүп жатышат. Душмандын көп сандагы аскери, куралдары жана аскердик техникалары, анын ичинде TOС-1A оор от чыгаруучу тутуму жок кылынды", - деп жазган Степанян.
Учурда эки өлкө тең бири-бирине чабуулдарын күчөтүп жатышат. Тоолуу Карабахтагы абал өтө оор деп бааланууда.