"Мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча айыпталып жаткан Дүйшөнбек Зилалиевдин соту жылдырылды

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Дүйшөнбек Зилалиевге карата козголгон кылмыш ишин кароо улантылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Зилалиев "мыйзамсыз баюу" беренесинин негизинде айыпталып жатканы маалымдалат.

"Бүгүн сотко айыпталуучу Дүйшөнбек Зилалиевдин ооруп жаткандыгына байланыштуу соттук отурумду башка күнгө жылдыруу жөнүндө өтүнүч келип түштү. Сот процесстин катышуучуларынын пикирин угуп, келтирилген өтүнүчтү канааттандырды. Соттук териштирүүгө 1-октябрь күнү саат 14:00гө чейин тыныгуу жарыялады", - деп айтылат маалыматта.

Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан Зилалиевдин бронхит болуп ооруп жатканын кошумчалашты.

Эске салсак, 2018-жылы УКМК Зилалиевдин декларацияга киргизилбеген кыймылсыз мүлктөрү, банктык эсеби бар экенин аныктаганы тууралуу маалымат тараткан. 2019-жылы ага карата Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Дүйшөнбек Зилалиев 2010-жылдан 2017-жылга чейин төмөндөгү мамлекеттик кызматтарды ээлеген:

  • Коргоо кеңешинин катчылыгынын катчысынын орун басары;
  • Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин башчысы;
  • Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы;
  • Вице-премьер-министр;
  • Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы кызматтарын ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан