"Биз тасманын экинчи бөлүгүн тартуу иштеринин 100 пайызын, үчүнчү бөлүктүн 95 пайызын аткардык. Фильмдин экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүнүн уландысында башкы каармандар Жейк менен Нейтиринин 8 жаштагы кызы болот. Жаңы кинодогу негизги көрүнүштөрдүн бири баланын көз карашы менен көрсөтүлгөн ата-энелердин ортосундагы чырдын эпизоду болот", - деген режиссёр.
Жеймс Кэмерондун айтымында, тасманы тартуу иштери коронавирус пандемиясынын кесепетинен үзгүлтүккө учураган. Мындан улам кинотасманын премьерасы 2022-жылдын 16-декабрына жылдырылганы айтылат маалыматта.
Фантастикалык драма жанрындагы "Аватар" тасмасы 2009-жылы чыгып, бюджети 237 миллион долларды түзгөн. Тасма дүйнө жүзү боюнча кинотеатрларда 2,7 миллиард доллардан ашык киреше тапкан.