Марс планетасында суусу туздуу көлдөр табылды

Италиялык окумуштуулар Марс планетасынын түштүк уюлундагы мөңгүлөрдүн алдынан суусу туздуу көлдөрдү табышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ачылышты астрономдор "Mars Express" орбиталык зонду аркылуу 2010-2019-жылдарда алынган маалыматтардын негизинде жасашкан.

Изилдөөгө караганда, төрт көлмө бар, анын эң чоңу чок ортодо турат. Анын кеңдиги 30 чакырымды түзөт. Көлдөр бир жарым чакырым тереңдикте жайгашкан.

"Биз ал көлдөрдү перхлораттардын коюу туздуу суусу менен толтурулган деп божомолдоп жатабыз. Болжол менен алар планетанын полярдык аймактарында мезгил-мезгили менен пайда болот", - деп айтылат иликтөөчүлөрдүн билдирүүсүндө.

Окумуштуулар кадимки суу Марста же анын бетинде микробдордун жашоо ыктымалдуулугун жогорулатат деп белгилеп, бирок бул илимий божомолду тастыктоо үчүн изилдөөлөрдү улантуу зарылдыгын айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан