Улуу Британиянын "Эмгек" партиясынын мүчөсү Крис Брайант АКШнын президенттигине Демократиялык партиясынан талапкер болгон Жо Байденди "Нобель" сыйлыгына көрсөттү. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"Башкалар маселени зордук-зомбулук жолу менен чечкенде, Байден эң мыкты күч, бул ынандыруу күчү экендигин көрсөттү. Себеби курал менен жүрөктүн кагышын токтотууга болот, бирок туура тандап алынган сөздөр көптөгөн жүрөктөрдү өзгөртө алат", - деп билдирди Брайант.
Буга чейин Байдендин оппоненти АКШнын президенти Дональд Трамп да "Нобель" сыйлыгына үч жолу көрсөтүлгөн болчу.
Быйылкы дүйнөлүк лидерлерден "Нобель" сыйлыгына Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, Орусиянын президенти Владимир Путин жана орусиялык саясатчы Алексей Навальный да көрсөтүлгөн.