Чехияда коронавирустан улам кайрадан өзгөчө абал жарыяланат

Чехиянын өкмөтү өлкөдө СOVID-19 вирусу жуккандар көбөйүп жатканына байланыштуу 5-октябрдан тартып кайрадан өзгөчө абал жарыяламак болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрине таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, саламаттыкты сактоо министри Роман Примула өкмөттүн кезексиз жыйынынан соң алгачкы эки аптада имарат ичинде 10дон ашык, ачык жайларда 20дан ашык адамдын чогулушуна чектөө коюлуп, спорттук мелдештерди өткөрүүгө тыюу салынарын билдирди.

Мындан сырткары мектептер жабылып, медициналык билим алган студенттер ооруканаларга жардам берүү үчүн жөнөтүлөт. Ошондой эле коомдук тамактануучу жайлар жана башка бир катар эл көп топтоло турган иш-чаралардын бардыгына тең чектөөлөр киргизилди.

Буга чейин Чехияда өзгөчө абал март айында жарыяланып, эки айга уланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан