Азербайжан президенти Карабахтагы согушту токтотуу шартын жарыялады

Эгерде Ереван аскерлерин кагылышуу аймагынан чыгарып кетсе, Тоолуу Карабахтагы согуштук аракеттер токтойт. Бул тууралуу Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Бакудагы Борбордук клиникалык ооруканада жаракат алган аскер кызматкерлери менен жолугушуу учурунда билдирген.

"Бизде согушту токтотуунун бир гана шарты бар. Армения Куралдуу күчтөрүн кагылышуу аймагынан чыгарып кетиши керек. Эгер Армения өкмөтү ушул шартты аткарса, уруш токтойт, тынчтык орнойт", - деген Алиев.

Мындан тышкары Ильхам Алиев эл аралык укук Азербайжан тарапта экендигин кошумчалаган.

"Биз тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирип жатабыз. Карабах Азербайжандын баштапкы аймагы. Тарыхка көз чаптыруу жетиштүү. Биз аймактык бүтүндүгүбүздү калыбына келтиргибиз келет. Биз муну жасап жатабыз жана жасайбыз", - деген президент.

Учурда эки өлкөгө аскер абалы жарыяланып, абал оор бойдон калууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
bekhaliev
2020-10-01 09:51:51
Баткенге да келип кетиш кк экен ушул инсан
+15
Aibek_eka
2020-10-01 10:06:09
Бизде эмнеге ушундай чондор жок?биздин жер деп турсакда чондор келип такталбаган жер деп кетишет тарыхты кимдин жери экенин караган адам жок
+15
Bakyi
2020-10-01 10:16:09
Арменияны сүрүп чыгарыш керек. Азербайжандын жерине ээ чыгууга аракет кылып жатышат. Армендер өзү ушундай митаам калк болот экен.
+14
AdylbekB84
2020-10-01 13:07:40
Bakyi,Армяндар эмес Азерлер дагы алардан калышпайт митаамдыгы менен, Россияга келип билдим кандай адамдар экенин, баары эмес көпчүлүгү!
+2
Stylprostoi_a4
2020-10-01 19:19:27
Bakyi,муну орустар илгери ушинтип чегараны чийип коюшкан,бизде деле ушу корунуш.ферганская долинаны жоюп канча мамлекетти ойлоп чыгарып карандаш менен чек ара чийип коюшкан.
+4
Akoga
2020-10-01 17:04:54
Кыргыздан өтөрү жок.башкасын урганыбыз барбы.
Кыргыздай болобу, кыргыз кең пейил, чыдамдуу, эркиндикти сүйгөн эл.
+1
www.www
2020-10-01 17:09:28
Согушту ого бетер ырбатпай, Армения акылдуулук кылып жерди ээсине кайтарып берсе ынтымак күчөп жарашып алышаар беле
+7
katerina.li
2020-10-01 17:22:22
Тарыхты окусун Азербайджан президент. Жер Армения га тийиштуу болгон
-7
KyrgyzstanOsh001
2020-10-01 19:14:10
katerina.li,Армения жакында эле пайда болгон мамлекет. Каяктан алардын жери болуп калсын
+6
al-abu-kinesz
2020-10-01 23:00:15
katerina.li, Сталин куч менен эле азерлердин жерине армяндарды кыпчып койгон. Тарыхты тушунуш керек.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан